“Nokia» кайрадан назарыңыздарда

30-Март 2017, Бейшемби

“Финляндиялык “Nokia” компаниясы кайрадан кайтып келип, жаңы смартфонун тааныштырды”-деп кабарлады "Вести.Ru" сайты. Финляндиялык маркага эксклюзивдүү укугу бар “HMD Global” компаниясы Кытайда “Android 7.0 Nougat” негизиндеги “Nokia 6” смартфонун эл назарына сунуштады.

Телефондун эске сактоо көлөмү 64 гигабайт, “Qualcomm Snapdragon 430” процессоруна салыштырмалуу тез жумуш иштейт.

Жаңы “Nokia”га эки симка салынып, "Bluetooth 4.1", "Wi-Fi 802.11 b/g/n" бар. Камерасынын сапаты 8 мегапиксель, 85 градуска чейин көрүнүш берет.

Ошону менен бирге “Nokia 6” “Үй” (“дом”) сканери, “NXP TFA9891” аудиодобуш, эки динамикалуу, “Dolby Atmos” технологиясы, “Micro-USB” порты менен, акселерометр, электрондуу компас, гироскоп тетиктери менен жабдылган. “Nokia 6” баасы 245 доллар болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!