Дубайдагы полиция кызматкерлеринин өзгөчө унаалары

16-Май 2017, Шейшемби

Ойлоп табуучу жана бизнесмен Александр Атаманов жакында учуучу мотоциклинин “Scorpion-3” прототибин сунуштаган. Ал эми Дубайдын полиция кызматкерлери анын бул ишине кызыгуу жаратууда.

Ховербайктын “Scorpion” биринчи верциясы “Hover Surf” компаниясы тарабынан өткөн жылдын жай айларында чыгарылган. Анда иштеп чыгуучулар иш жузүнө ашыруу максатында учуучу мотоциклдин прототибин көрсөтүшкөн. Ховербайктын дөңгөлөктөрүнүн ордуна төрт диск бурамалар орнотулган жана андан ири квадрокоптерге окшош жаактарын байкаса болот.

Кийин учуучу мотоциклдин экинчи түрү көрсөтүлүп, ага “Scorpion-3” деген ысым ыйгарылган. Модернизацияланган ховербайк кол менен башкаруучу эки джойстик менен жабдылып, бийиктигин жана учуу ылдамдыгын атайы программдаштырылган аппарат көзөмөлдөп турат. Экинчи прототиб башкарууда туруктуу жана стабилдүү болгон, бирок анын тетиктери дагы эле эч кандай коргоого алынбай жана учуу үчүн коркунучтуу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!