Японияда жумушчу күчтүн орду роботторго алмашууда

17-Май 2017, Шаршемби

Японияда жумушчу күчтүн азайышы менен өнөр жайлардын эмгек күчү да тез азайып жатат. Орто ишканаларды иштетүү үчүн кызматкерлерди таба албаган япондуктарда роботтор иштеп жатышат. Өлкөдө өнөр жай, курулуш жана мейманкана жана башка кызматтарда роботтордун иштеп жатканын көрүүгө болот.

Bank of Japan” тарабынан жургүзүлгөн изилдөөлөр көрсөткөндөй Япон компанияларынын ортосунда капиталдык салымдарды 17,5 пайызга чейин көбөйтүүнү пландаштырып жатышат.

Башка өлкөлөргө үлгүү боло алат

Өлкөдө адамдар картайган сайын иш күчүнүн азайуусу өлкөнүн өндүрүмдүүлүгү төмөндөтсө башка жагынан роботтоштурулган техника өнөр жайы экономикалык өсүштү камсыз кылат.
Мындан тышкары, Япония карылыктан маселесин чечүүчү жолун тапкан жана башка өлкөлөр япон робот өндүрүүчүлөрүнө суроо-талап көбөйүп жаткандыгын көрсөтүүдө. Айрыкча, жакын арада Кытай жана Түштүк Корея ушундай кыйынчылыктарга туш келүүсү күтүлүүдө.

Японияда компаниялардын 90 пайызы чакан жана орто ишканалар менен компаниялардан турат. Бул буюмдардын арасында өндүрүштө ар кандай максаттар үчүн программалаштырылган бою 170 см болгон эки колдуу роботтор да бар. Робот электроника өндүрүүчүлөрүнөн тартып, дары компанияларна чейинки ар кандай тармактарда пайдаланылат.

Курулуш тармагында да колдонулат

"Хитачи" техника өнөр жайы да компьютер программалык машиналар үчүн дагы көптөгөн суроо-талаптар түшө баштагандыгын маалымдоодо. Мындай аспаптарга GPS колдонуп, жөнөкөй курулуш казуу транспортко салыштырмалуу убакытты кыскартуу мүмкүн жана казууда сантиметрине чейин ишти туура кылат.

1995-жылы Япониянын калкынын 87 миллион эли жумушка жарактуу жарандардан туруп, жогорку даражага жеткен. Бул өсүш жылдан жылга төмөндөөдө, өткөн жылы 76 миллион адамга чейин төмөндөсө, 2065-жылы 45 миллионго чейин азайуусу күтүлүүдө. Жумуш күчүнө болгон муктаждык акыркы 5 жылдын ичинде жогорку даражасына жеткен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!