Дубайда ар бир төртүнчү полиция робот болот

24-Май 2017, Шаршемби

Бириккен Араб Эмираттарынын укук коргоо органдары ири шаарларынын бирине “Гуманоид” (адам сымал) роботторду ички иштер кызматын жумушка алат. Бою 1.67 метр болгон роботтор дөңгөлөк буттары менен жүрүп, көчөлөрдө жол кыймылын, негизги туристтик жайларды жана соода борборлорун эртең 24-майдан баштап көзөмөлгө ала башташат.

"Робокопду" испан фирмасы “PAL Robotics” долбоорлогон. Алгач “REEM” модели соода борборлорунда, аэропорт, ооруканаларда жана башка мекемелерде робот-консультант катары иштелип чыккан. Бирок кийин кайра полиция кызматкерлеринин муктаждыктары үчүн өзгөртүлгөн. Ал болжол менен салмагы 100 килограмм , тогуз тилди "түшүнөт", көкүрөгүнө эки кол, манипуляторлор жана сенсордук экран менен жабдылган.

“Алгачкы этапта “робокоптун” ыйгарым укуктары чектелүү болот”,-деп “CNN” билдирди. Ал, мисалы, камакка алуу же шектүүлөрдү аңдып журө албайт. "Робот эл үчүн өз ара кызматчы болуп калат", - деди долбоордун жетекчиси Халид Насер Алрозаки. Дубайдын тургундары роботторго укук бузулар туурасында кабарлап, айып төлөп жана жардамга чакыра алат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!