Кытайлар “iPhone 8” чыгрышты

20-Июнь 2017, Шейшемби

“Apple” компаниясынын жаңы үлгүдөгү смартфондорун таныштыра элек чакта, кытайлар “iPhone 8” түзүмдөрүнүн көчүрмөсүн жасап чыгарышты.

Жаңы смартфондардын сунушталуусуна дагы бир нече ай бар болсо да, кытайлык өндүрүүчүлөр убактыларын бошко өткөрбөй жатканы белгилүү болду.

Видеодо көрүнгөндөй “iPhone 8” көчүрмөсү чыгып, сатыла да баштады.

“Apple” компаниясынын жаңы үлгүдөгү түзүмүн көпчүлүк чыдамсыздык менен күтүп жатканы белгилүү. Ал баасы алдын ала болжолдогон кытайлыктар, мөөнөтүнөн мурун суранычты каанаттандырып, өз өндүрүүлөрүн сунуштоого да киришип кеткени сыңары.

“iPhone 8” көчүрмөсү түшүрүлгөн видео “YouTube” каналына жүктөлгөн.

Эскерте кетсек, “Apple” “iPhone 8” ди чыгарууга даярданууда. Бирок, дагы жарыкка чыга элек нусканын баасы болжолдуу түрдө 1000 миң доллар болуусу мүмкүн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!