Сумкага бекитилген желдеткич чыгат

23-Июнь 2017, Жума

Япондор күндүн аптаптуу ысыгынан коргонуунун ыкмасын ойлоп табышты. Бул тууралуу “Соцпортал” сайты кабарлады.

“Portable Fan” портативдүү желдеткичин сейилдөөгө чыкканда, коомдук транспорт жайларында жүргөндө өзүбүз менен алып жүрүүгө ылайыкташтырылган.

Желдеткичтин артыкчылыгы сумкага, рюкзакка, балдардын коляскаларына орнотуп койсо да болот. Ошону менен катар үйдө да кеңседе да колдонууга мүмкүн.

Япондор ойлоп тапкан бул өндүрүш 10 саатка чейин иштей берет. Желдеткичти USB аркылуу портативдүү аккумуляторго кошууга болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!