Дүйнөдө эң көп сатылган смартфон кайсы?

22-Авг. 2017, Шейшемби

“Strategy Analytics” изилдөө компаниясы эң көп сатылуучу смартфондордун рейтингин жарыялады.

2017-жылдын экинчи жарымынын жыйынтыгы боюнча “iPhone 7” модели эң көп киреше алып келген. Жалпы жонунан 16,9 млн даана сатылган. Экинчи орунда 15,1 млн давна сатылышы менен чыккан “iPhone 7 Plus”. “Apple” апрель жана июль айларында гана 41 млн смартфон сатып жетишкен.

“iPhone 7” ыңгайлуу дизайны, өзгөчө кошумчалары менен айырмаланып, кеңири сатылуусунун аркасында дүйнөдөгү эң белгилүү смартфон катары кала бермекчи”,- дейт “Strategy Analytics”тин серепчиси Юха Винтер.

Үчүнчү жана төртүнчү орунда– “Samsung Galaxy S8” менен “S8+” смартфондару. Алар 10,2 млн жана 9 млн даанасы сатылган. Бешинчи орунда 5,5 млн дана сатылган “Xiaomi Redmi 4A”.

2017-жылдын экинчи жарымында дүйнөдө 360,4 млн смартфон сатылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!