Кытайлык компания “Apple”ди артта калтырды

8-Сен. 2017, Жума, 15:51

6-сентябрь күнү “Counterpoint” эксперттери адам ишенгисиз маалыматтарды жарыялашты. Андагы маалыматтарга ишенсек, ушу жылдын июль айында кытайлык “Huawei” компаниясы смартфон сатуу боюнча “Apple”ден ашып тушүп экинчи орунга чыккан. Ал эми көч башында “Samsung” компаниясы турат.

“Huawei” компаниясынын белгилүү “Apple”ди артта калтырып кеткендиги тууралуу жаңылык сенсация болгону чын. Себеби кытайлар башкы каршылашынан озуп чыгууну көптөн бери эңсеп келишкен.

2013-жылы “Huawei”дин башкы директоры Ричард Ю “Apple” компаниясынын жаңычылдыгы калбаганын, көп өтпөй үстөмдүгүнөн да айрылаарын маалымдаган эле. Кийин 2016-жылы дал ушу топ-менеджер компания алдына ачык-айкын максат койду: “эки жыл ичинде америкалык атаандаштарды басып өтүү”,-деген

«Биз аларды кууп жетебиз», - деп ишендирген эле Ричард ал учурда.

Кантсе да, кытайлар үчүн мыкты телефон жасап чыгаруу кыял бойдон калмакчы. Мисалы, үч жарым жыл мурда алар “Apple”ден манжаны сканерлөө ишин «уурдап алган». Эки жыл мурда дал ушул атаандашын басуу күчүн аныктоочу экранды көчүрүп алган. Ал эми өткөн жылы “iPhone 7” гаджетиндеги кош камера болот деген имиштер чыгары менен кытайлар бул идеяны да уурдашкан.

Ал эми кытайлардын бир утушу – бул баа саясаты. “Huawei” смартфондору чөнтөккө ылайык баада сатылат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!