Кытай «учуучу поезд» жасап чыгарат

11-Сен. 2017, Дүйшөмбү, 11:29

Кытай аэрокосмостук илим-изилдөө жана өнөр жай корпорациясы (CASIC) 1000-ден 4000 км/сааат ылдамдык менен журүүчү поезд долбоорун жасап жатышат. Бул тууралуу “inform.kz” маалымдайт.

30-август күнү Кытайдын Ухань шаарында өткөн Коммерциялык илим жөнүндөгү 3-чү Кытай эл аралык форумунда “CASIC” директорунун орын басары Лю Шикуан «учуучу поезд» долбоорун жасап жаткандыктарын кабарлаган.

Анын айтуусу боюнча, бул долбоор жогорку салттуу унаа ылдымдыгынан 10 эсе жана жарандык аба кемелеринен 5 эсеге чейин ылдамдыгы артырылмакчы.

Программа 3 багыт боюнча ишке ашырылат. Биринчи багытта 1000 км/сааат ылдамдыкта жүрүүчү «учуучу поезд» үчүн аймактык желе тармагы салынат.

Экинчиден, 2000 км/саат ылдамдыкта катоочу поездер үчүн Кытайдын ири шаарларынын арасында транспорт тармагын куруу каралат.

Андан соң 4000 км/саат ылдамдык менен «Бир багыт, бир жол» боюндагы өлкөлөрдү байланыштыруучу транспорт курулушу башталат. Долбоорду даярдоого кытай жана чет өлкөлүк илимий-изилдөө мекемелеринен 20 адис катышууда. Ушул максатта тийиштүү тармактардагы 200дөн ашык патент сатылып алынган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!