Телефондун кубатын кантип узак сактоого болот?

3-Окт. 2017, Шейшемби, 16:46

Кээде телефонубуздун кубатын «толтуруп» алсак да, аз гана убакыттын ичинде заряды өчүп калат. Анын себептери да ар турдүү. Ал эми төмөндөгү кеңештер телефонуңуздун кубатын узагыраак сактоого жардам берет:

Телефонуңуздун «экономный режимин» колдонуңуз. Ал үчүн биринчи телефон баскычтарын басканда чыккан добушту өчүрүп таштаңыз.

Вибрацияны өчүрүп коюңуз: коңгуроо келгенде вибрациясыз жөн гана обон жаңырса кубатын көпкө сакталуусуна жардам берет.

Телефон жарыгын басаңдатып коюңуз жана баскычтарды басканда, флипти ачканда жанган жарыкты өчүрүңүз.

Жаңы же болбосо узак убакыт колдонулбаган батареяны 14 сааттан кем кубаттабоо кажет.

Батареянын жакшы иштөөсү температуга да байланыштуу. Ошондуктан аны +60 градустан жогору эмес, -20 градустан төмөн эмес температурада сактоо керек.

Жаңы батареянын сыйымдуулугун артырып, иштөөгө даярдоо зарыл: ал үчүн аны сатып алганда колдоноордон мурда 3 жолу кубаттап, кайра «өчүргөн» туура.

Аккумулятордун узак убакыт колдонбой, туруп калуусун болтурбоо керек.

Ошондой эле телефон токко сайылып 24 сааттан ашык турбашы кажет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!