Дыйкан роботтор ишке кирди

11-Окт. 2017, Шаршемби, 12:33

Калктын өсүүсү менен азык-түлүккө деген суроо-талап жогорулап Американын штаттары айыл чарбасындагы эмгек күчүнө муктаж болууда. Ошентсе да инженерлер менен изилдөөчүлөр азыр жагдайды өзгөртө алчу жана адамдардын оор жүктөрүн азайта алуучу роботторду жасашат.

Калифорниядан “Blue River Technology” компаниясы жасалма интеллект технологиясы боюнча өнүккөн роботту тракторго кошумча жана «See and Spray» долбоорун сунуштоодо. Долбоордун максаты - химиялык заттар менен жумуш иштөө принциптерин өзгөртүү. Программа ото чөптөрдү эгинден ажыратат жана гербицидди керек эмес өсүмдүктөгө чачат.

Адатта гербицидтер жана башка дагы химиялык заттар толугу менен колдонулат. Башкы директор жана компаниянын тең негиздөөчүсү Жорже Эрауданын айтуусу боюнча, бул технологияны пайдалануу аркылуу химиялык заттардын наркын 90 пайызга чейин төмөндөтө аласыз. Гербицидди жалаң гана ото чөптөргө, 700 акр жер аянтына чачып, чыгымдарды жүздөн он миң долларга чейин төмөндөтүүгө болот.

«Сиз ал менен айлана-чөйрөгө тийчү зыяндуу заттардын таасирин төмөндөтө аласыз, себеби азыркы учурда биз химикаттарды өтө көп колдонуп келебиз ... », - деди Эрауд.

Тажрыйба иштери бул жылы баардык түштүк тарапта жүргүзүлдү. Өндүрүүчүлөрдүн өзгөчө мактанычы Техас штатындагы пахта талааларында 40 градус цельсия температурадагы алып барган жумушу болуп саналды. Компания келечекте проблемалуу өсүмдүктөрдү аныктоо жана керектүү дары-дармектер менен дарылоо үчүн машиналарды кошуу пландалууда. Бул жагдайда баардык кыйынчылыктарды чечүү үчүн робот-машина талаада жерди иштетип чыгуусу кажет.

Эскерте кетсек, «Blue River Technology» компаниясы бир нече жыл мурда робототехника тармагында жумуш иштей башктаган. Алардын биринчи долбоору натыйжалуу салат бадалдарын отогон робот эле.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!