Ийилчээк “iPhone”!

13-Окт. 2017, Жума, 15:02

“Түштүк Кореянын “LG” компаниясы ийилчээк “Galaxy X”тин аналогу боюнча “Apple” менен жумуш иштөөдө”,-деп кабарлайт "The Investor” маалымат булагы. Ошентсе да “Samsung”дан айырмачылыгы ал “Apple”дин кызыкчылыгы үчүн өнүгүүдө. Ал үчүн революциялык смартфондун чыгарылуусу - бул абырой менен бийлик болуп саналат.

Өткөн айда “iPhone X”ти тааныштырган америкалык технологиялар гиганты өзүнүн жаңы түзүмү тууралуу маалымдап жатат.

Маалыматта айтылгандай, “LG” жалаң гана ийилчээк дисплей матрицаларын жасап чыгаруу менен катар, бир катар башка да компоненттерди жасайт. Кореялыктар батареясын жана келечектеги смартфондун сырткы кабыгын да жасай алышаары шексиз, себеби аларды “LG G Flex” моделин чыгарышкан.

Божомолдуу билдирүүлөр боюнча, “Apple” менен “LG” күчтөрү менен чыгарылчу смартфон 2020-жылы ишке ашышы мүмкүн. Ал убакытка чейин “Купертино” компаниясы “Samsung” баш тарткан “OLED”-матрицаларды чыгарган “LG Innotex”долбооруна каражат салууну пландоодо.

Эскерте кетсек буга чейин “Samsung Electronics” ийилчээк “Galaxy X” смартфонун чыгараары айтылган. Жаңы смартфон “Galaxy Note” линейкасындагы түзүмдөргө окшош болоору маалымдалып, бирок ошол эле мезгилде көптөгөн уникалдуу өзгөчөлүктөрү бар экени кабарланган. Болжолдуу түрдө элге 2018-жылдын сентябрь айында сунушташат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!