“Facebook”та жаңы кызмат

14-Окт. 2017, Ишемби, 11:31

Дүйнөлүк медиа алптарынын бири “Facebook” тамак-аштарга тапшырыш берүү кызматы ишке кирерин жарыялады.

Колдонуучулар жакын жерлердеги тойканаларды “Facebook” аркылуу көрө алышат жана кардарларга «үйгө жеткирүү» же болбосо «ресторандан ал» тиркемелери кошулаарын билдирди.

Билдирүүдө айтылгандай, достордун ресторандар жөнүндө калтырган сын-пикирлерин окууга мүмкүндүк болот.

“Facebook”тун тамакка тапшырыш берүү кызматы “Android” жана “iOS” операциялык системалары бар компьютерлер менен түзүмдөр болуусу керек экендигин эскертишет.

“Facebook”тун жаңы сервиси колдонуучуларга тойкананын кошумча мүмкүндүктөрүн эксперттерге сунуштоого мүмкүндүк берет. Ошону менен бирге, колдонуучуларды өз сайтында узак убакыт бою кармап турууга аракет кылат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!