Келечектин жолдору ушундай болот

16-Окт. 2017, Дүйшөмбү, 14:02

Жол кырсыктарынын айынан миллиондогон адамдар жыл сайын каза болот. Кырсыктарды алдын алуу үчүн жүздөгөн түрдүү изилдөөлөр жүргүзүлгөн кезде, Англияда даярдалган жана тестирлөөдөн өткөн прототип бүгүнкү күндүн жолу болуп саналууда.

Жолдо көрүү жана көзгө түшүү өтө маанилүү факторлордон болуп эсептелет. Бул заманбап технологиялык инфраструктура каражаты айланадагы баардык нерсени көзөмөлдөп турууга жардам берет. Анда камера, атайы алгоритмдер, өнүккөн видео көзөмөл, кеңири инфраструктура анализи жана чоң жарыктандыруу светодиод системасы камтылган. Ал жолдо унаа, мотоцикл же велосипед келе жатканын сезип, жөө жүргүнчүлөргө белги берүү аркылуу маалымдап турат. Ошондой эле жол чырактарынын жана жөө жүргүнчүлөр өтчү белгилердин кереги жок болуп калат. Жолду кесип өтүүчү жолдун үстүнө автоматтык түрдө жашыл түс күйөт, бирок “акылдуу жолдор” адамдын санына жараша кичирейет же чоңоёт. Коопсуз жол эрежеси айдоочуга баланын кызыл түскө өткөнү жатканын эскертип турат жана пластикалык жол беттин астында 660 светодиод бар, ошондуктан алар ар бир аймакты эскертүүсү мүмкүн.

Суу кирип кетпеген бул жолдор кышкысын да колдонууга берилет. Азыркы учурда мындай жолдор Англиянын Митчем шаарында чакан жерде сыналды.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!