Жамгырдан коргоочу “акылдуу” кол чатыр

20-Окт. 2017, Жума, 15:31

Көпчүлүк учурда маани бербеген, бирок жамгырлуу күндөрдө ансыз сыртка чыга албаган эң маанилүү аксессуарлардын бири кол чатыр технологияда канчалык өннүккөн?

“Акылдуу” кол чатыр “Air Shield Umbrella” сиздин кыялдарыңызды чындыкка айлантат.

Акыркы жылдары бир нече кол чатыр элдин назарына сунушталды. Алардын көпчүлүгү кол чатырларды жоготуп алуудан сактоо үчүн иштелип чыкты. “Bluetooth” аркылуу телефондорго байланган жана унутуп койгон учурда белги берген кол чатыр болгон жогорку технологиядагы “Air Shield Umbrella” болуп саналат. Бул эң алгачкы акылдуу долбоор катары өзгөчөлөнөт. Кармагычындагы аба насостук баскыч менен ачылат жана кийинки бир нече секунд ичинде жамгырдан коргойт. Көптөгөн классикалык кол чатырларда орун алган кыйынчылыктар байкалбайт. Автоматтык түрдө ачылат жана сүрөттө көрсөтүлгөндөй өтө чоң.

Кол чатыр ачылган учурда ийиниңиздин алдына чейин жетет жана алдыдагы жолду көрө аласыз. Себеби ал тунук. Өзгөчө үстүнкү жагында жабдылган “LED” жарык системасы караңгыда жолду көрсөтүп берет.

Кол чатырдын бардык кабельдери жашыруун жасалган.

Сапаттуу материалдардан жасалган “Air Shield Umbrella” жакын арада сатыкка чыгаары күтүлүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!