Шаардын көчөлөрүндө өзүн-өзү башкарган “Apple” унаасы

21-Окт. 2017, Ишемби, 13:45

“Twitter” тиркемесинин колдонуучусу @macjshiggins өз баракчасына кыска видео жүктөп, анда өзүн-өзү башкарган “Apple”дин унаасы деген билдирүү калтырган. Видеодо көрүнгөндөй унаа алты даль номерлүү “LIDAR” менен жабдыкталган. Ал унаага айлананы текшерүүгө, өлчөөгө жакын жактагы объектерди байкоого жардам берет. Ошондой эле бир нече камера желим нерсеге “жабылганын” көрө алабыз.

Айдоочусуз “Waymo” минивэни менен салыштырсак, анда баардык датчиктер ичине катылган. Ал эми “Apple”дин жаңы унаасы жагымсыз көрүнөт. Андагы камералар сырка чыгып, унаанын башына коюлган. Эсептөө бирдиги чатырында жайгашкан.

Ушул жылдын жай айында “Apple”дин башчысы Тим Кук биринчи жолу расмий түрдө компания жаңы программадагы өзүн-өзү башкарган унааларды иштеп жатканын тастыктаган. Ал өз сөзүндө анын фирмасы “автономдуу системага багытталгандыгын”, ошону менен бирге алардын “жасалма интелект багытындагы негизги долбоору” экенин айткан.

Ошондой эле Кук “Apple” унаалары түздөн-түз өндүрбөгөнүн белгилеп, компания айдоочусу жок унааларды айдоого мүмкүндүк берилгенин, учкучсуз системаларды өнүктүрүүгө багыт алып жатышканын маалымдаган.

“Apple”дин автономдуу автомобилдер технологиясына кызыгуусу сыр эмес эле. Акыркы бир нече жылдан бери 2014-жылы ишке кирген “Project Titan” аттуу долбоор тууралуу сөз болуп келген. Анын үстүндө иш алып баруу үчүн Купертино алдын ала бир нече миң кызматкерди жумушка алган. Аларга өзүн-өзү башкарган унаа иштеп чыгуу тапшырмасын койгон. Ал келечекте “Tesla” сыяктуу унаалар менен тең келүүсү керек экени айтканы менен белгилүү болгондой 2016-жылдын күз айында долбоордун масштабын кыскарткан. Автомобильдерге автономия берүүчү долбоор жана электрондук системаларга гана көңүл буруу чечимин кабылдашкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!