Виртуалдуу рельс менен жүргөн поезд чыкты

24-Окт. 2017, Шейшемби, 16:36

“Кытайдын Чжучжоу шаарында (Хунань провинциясы) виртуалдуу рельстер менен жүргөн поезд сынактан өткөрүлө баштады”,-деп кабарлайт "Синьхуа" агенттиги.

23-октябрь күнү Кытайда жогоку ылдамдыктагы транспорт үчүн сынак ирээтинде салынган автономдуу рельс системасы тестирлөөдөн өтө баштады. Үч вагондон куралган алгачкы поезд каттамга чыгып, жүргүнчүлөрдү ташууда. Ал виртуалдуу рельстер боюнча автономдуу кыймыл технологиясы менен жабдылган.

Жаңы транспорт системасы толугу менен 2018-жылы ишке киргизилери пландалууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!