Дүйнөнүн эң кымбат бренддери аныкталды

Дүйнөнүн эң кымбат бренддери аныкталды
8-Дек. 2017, Жума, 11:59

“Apple” компаниясы бешинчи жолу дүйнөдөгү эң кымбат бренддердин көч башчысы болуп калды. Бул тууралуу “Interbrand” изилдөө агенттиги билдирет.

“Apple” брендинин баасы бул жылы 3 пайызга көтөрүлүп, 184,1 млрд долларды түзгөн. Рейтингдеги экинчи орунда 141,7 млрд. долларга бааланган “Google” компаниясы (өткөн жылдын көрсөткүчү боюнча 6 пайызга жогору), “Microsoft” үчүнү катарга илинди (79,99 млрд. АКШ доллары, 10 пайызга жогорулаган).

Ошол эле учурда, “Coca-Cola” бренди 5 пайызга арзандаган жана азыр 69,73 млрд доллар турат. Ошондуктан компания үчүнчүдөн төртүнчү орунга жылган. Интернет дүкөндөрдүн алпы болгон “Амазон” бешинчи катарда 29 пайызды (баасы 64,79 млрд доллар) түздү. Ал эми Түштүк Кореянын электроника өндүрүшү аталган “Samsung” алтынчы орунду ээледи (56,24 млрд. доллар, өсүш 9 пайыз).

“Facebook” брендинин баасы эң тез өсүп, жыл бою 48 пайызга жогорулады. Анын баасы бүгүнкү күндө 48,18 млрд. долларга бааланды. Бул Марк Цукербергтин компаниясына рейтингте сегизинчи орунга ээ болуусуна мүмкүндүк берди. Баасы 46,82 млрд. доллар менен ондукка кирген “IBM” бренди турат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!