“Apple” “Shazam”ды сатып алууну көздөйт

12-Дек. 2017, Шейшемби, 10:05

“Apple” корпорациясы музыка жана сүрөттөрдү таануга мүмкүндүк берген “Shazam” тиркемесин сатып алууну көздөөдө. Бул тууралуу “TechCrunch” маалымат булагы кабарлады.

Келишимге жакынкы күндөрү кол коюлушу күтүлүүдө. Болжол менен келишим шарт 400 миллион долларды түзөт. Айрым маалыматтарга таянсак, “Shazam”дын баасы 1 миллиард доллардан ашышы мүмкүн.

Ошону менен бирге, компания өкүлдөрү бул тууралуу маалымат берише элек. Сентябрь айында “Shazam” тиркемесине 1 миллиарддан ашык жүктөлгөн. 2014-жылы “Shazam”дын активдүү колдонуучуларынын саны болжол менен 100 миллионго жеткен.

Эскерте кетсек, бир ай мурда “Apple” соода-сатык аякталган кезде капиталдаштыруусу 900 миллиард доллардан ашкан дүйнөдөгү алгачкы компания аталган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!