“Samsung” “акылдуу” кийим чыгарды

12-Дек. 2017, Шейшемби, 11:56

Түштүк кореялык “Samsung” компаниясы гаджеттерди кубаттоочу «акылдуу» жемпир моделин патенттеди. Бул тууралуу “ria.ru” сайты маалымдады.

Компаниянын планы боюнча, жемпир адамдын колу кыймылдаган кезде энергия бөлүп чыгарат. Ал үчүн кийимдин алдынкы жагында жана жеңинде атайы датчиктер орун алган. Аккумулятор кийимдин арт жагындагы төмөнкү бөлүгүндө турат.

Азырынча анын көлөмү кандай боло тургандыгы тууралуу эч кандай маалымат жок. Бирок патенттөөдө көрсөтүлгөндөй, ойлоп табуучулар кубаты өтө чоң эмес батареяларды пайдаланууну пландап жатышат.

Эксперттер жаңы технология менен жабдыкталган кийимди Лас-Вегаста январь айында өтчү “CES-2018” көргөзмөсүндө тааныштырылат.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!