Эки бети экран болгон смартфон

14-Дек. 2017, Бейшемби, 09:40

““Samsung” расмий түрдө эки жак бети экран менен капталган смартфонду патенттеди”,-деп билдирет “LetsGoDigital” маалымат булагы.

Сүрөттө көрүнүп тургандай, девайстын алдынкы жагында рамкалуу корпус болсо, арткы бетинде жарым-жартылай дисплей менен капталган. Ошондой эле, корей смартфонунун сүрөттөгү схемасында негизги жана фронталдык камера жок.

Эскерте кетсек, буга чейин “Samsung” башка экзотикалык девайсты бүктөлгөн “OLED-дисплейи” бар смартфонду патенттеген болчу. Маалымат булагынын билдирүүсү боюнча, алар 2018-жылы чыгат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!