“Instagram” тиркмесинде жаңы кошумча ишке кирет

15-Дек. 2017, Жума, 13:07

Дүйнөдөгү эң белгилүү социалдык желелердин бири болгон “Instagram” тиркемеси өкүлдөрү жаңы функцияны ишке кошуу үчүн тесттик сыноолорду баштады. Ал белгилүү бир колдонуучулар үчүн желедеги эң маанилүү жазууларды тандоого мүмкүндүк берет.

Азыркы убакта “Instagram” инженерлери бул программа үстүндө чектелүү колдонуучулардын функционалдык жумушун изилдеп жатат. Лентага биринчи кезекте лайк койгон достор чыгат. Буга чейин “Instagram” тиркемеси маалыматтарды издештирүүнү жеңилдетүү үчүн хэштегтерге жазылууга мүмкүндүк берген эле. Хэштегке жазылуу үчүн колдонуучу издеген сөздөрдү киргизүү же керектүү хэштегти издөө керек. «Жазылуу» баскычын басып ар бир хэштегтин бетинде орун алган. Жазуудан кийин тандалма хэштегтер үчүн эң таанымал жазуулар лентага чыгат. Ошону менен катар эгер ачык аккаунт болсо колдонуучулардын кандай хэштегтерге жазылганын көрүүгө болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!