Биткойндин баасы төмөндөдү

20-Дек. 2017, Шаршемби, 12:23

“Coinmarketcap” биржасында биткойндин баасы акыркы күндөрү 13,05 пайызга төмөндөп, 16,52 миң доллар болду. Бул тууралуу “tass.ru” сайты маалымдады.

Белгилей кетсек, 16-декабрда криптовалюта өз тарыхындагы максимум баага көтөрүлдү. Ал 8,2 пайызга өсүп, 19 миң долларга жеткен.

Биткойн – блокчейн технологиясынын негизинде куралган бир аталыштагы криптовалютанын борборлошпогон системасы. Аны системанын ар бир катышуучусу эсептөө каражатынын жардамы менен жаңы блок системасын куруп ала алат.

Системанын концепциясы 2008-жылдын ноябрында жарыяланган. Акыркы жылдары биткойндин популярдуулугу өсүп келет. Бул валютанын эмиссиясы «табигый» түрдө чектелген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!