“Apple” колдонуучулардын дарегин Кытайга берет

12-Янв. 2018, Жума, 10:24

“Apple” компаниясы Кытайдагы колдонуучуларынын “iCloud” кызматындагы даректерин Кытай бийлигине таандык болгон серверлерге көчүрдү. Бул аркылуу “Apple” Кытайдын сервери чет жерде орун алган кызматтар тууралуу мыйзамын аткарат. Бул тууралуу “Lenta.ru” маалыматы булагы билдирет.

“Apple” кардарларына даректерди көчүрүү тууралуу маалыматтарды таратып жатат. Кытай серверлерине маалымат көчүрүүнү каалабагандар тиркелүүдөн чыга алышат. Бул өзгөрүүлөр Кытайдан башка жерде аккаунттары тиркелгендерге тиешеси жок.

Кытайлык колдонуучулар даректери Кытайдын мемлекеттик компанияларынын серверлерине жайгаштырылат. “Apple”дин билдирүүсү боюнча, "бул “iCloud” кызматынын ылдамдыгы менен ишенимдүүлүгүн артырат". Мындай өзгөрүүлөр, маалыматты жаңы серверлерде сактоо Кытай бийлигине жарандарынын даректерин алуу жолун жеңилдетет.

Кытай мыйзамы бийликке Интернетте катуу байкоо орнотуп, чектөө жасоого мүмкүндүк берет. Бийлик муну «кибер чабуул» деп атап, Интернет боштондугун чектөө «улуттук коопусздукка кажет» деп билдирет.

Кытай мыйзамы боюнча чет элдик компаниялар даректерин мамлекет ичинде сактоого тийиш жана мындай цензураны айланып өткөн ар бир долбоорго тыюу салынган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!