Социалдык тармакта жылдызга айлангыңыз келеби?

17-Янв. 2018, Шаршемби, 17:53

Болжол менен эсептесек күнүнө ар бир жарым саатыбызды социалдык тармактарда отуруу менен коротот экенбиз. “Facebook” тиркемесинде 35 мүнөт, “YouTube” – 40 мүнөт. Ал эми “Instagram” желесинде 4 саат убактыбыз кетет. Ар бир мүнөт сайын “Instagram” баракчасына 35 миң сурөт салынса, “Facebook”ка 300 миң маалымат жарыяланат. Ал эми мындай учурда жүз миңдеген маалыматтын арасынан өзүңүздүн маалыматыңызды, сүрөтүңүздү жылдыз кылууга чамаңыз жетпейт. Эгер белгилүү болууну кааласаңыз биз сунуштаган эрежелер менен жумуш жасап көрүңүз.

“Instagram Stories” аркылуу сурамжылоо жасоо

Жеңил жана сапаттуу маалымат кандай гана учур болбосун суроо-талапка ээ. Окурмандарга жөнөкөй гана сурамжылоо жасаңыз. «Сүрөт жактыбы?» же болбосо «Сиздин тандооңуз?» деген сыяктуу суроолорду узатып көрүңүз. Сурамжылоо аркылуу көзгө бат-баттан түшүп турасыз.

“Instagram Stories” 24 саат ичинде өчүп калаарын эске алыңыз. Бул – чоң мүмкүндүк. Себеби сиздин кыска жана сапаттуу сурамжылооңузга адамдар бир канча тобу жооп берүүгө жетишет. Тагыраагы кызыктуу келет.

Анимациялык посттор

Жазууларга караганда сүрөттөр жакшы каралат. Адамдар окуган заман өттү, азыр жалаң гана көз менен көрүп жактырган белгини басып кете беришет. Ал түрү сүрөт тагыраагы, анимациялык сүрөттөр андан да жакшы каралат. Даяр анимациялык продукцияны пайдалангандан көрө, өзүңүздүн колго жасаганыңыз жакшы. Бул үчүн албетте атайы программаларды үйрөнүү керек. Ага кошумча кандай пост саласыз, анимацияңыз кандай максатта жарыяланат, баарын ойлонуу керек.

“Facebook Live”

Сыналгы да гана эмес, азыркы социалдык тармактарда да түз эфирге чыксаңыз болот жана өзүңүздү жакшы жагынан көрсөтүп кала аласыз. Ар бир социалдык тармактан түз эфир уюштурууга болот эмеспи. Ошентсе да “Facebook Live” аркылуу белгилүү болуу мүмкүн. Тактап айтканда ал жерде белгилүү бир темада талкуу жаратыңыз, суранышка ээ маалыматтарды айтып, окурмандарды өзүңүзгө тарта аласыз.

Чакан видеолор

Күн сайын “Facebook” аркылуу 500 миллионго жакын видео жүктөлөт. Алардын ичинде озуп алдыга чыккандары 1 мүнөттүк же 1 мүнөткө жетпеген кыска жана кызыктуу бир нече видеолор топтому. Бул ыкмаларды пайдалануу менен окурмандардын көңүлүн өзүңүзгө бурдура аласыз деп ишенебиз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!