Сууда калкыган мейманкана

10-Март 2017, Жума

Япония суунун үстүндө калкып жүрүүгө мүмкүн болгон капсула турүндөгү мейманкана жасап чыгарды. Бул мейманканага төрт адам батат. Бул туралуу “The Japan Times” газетасы жарыялады.

“Huis Ten Bosch” компаниясы бул жылдын аягына чейин ушундай мейманканаларды чыгарууну көздөөдө.

Мейманкана эки кабаттуу болуп, экинчи кабатында уктоочу бөлмө жайгаштырылат. Баасы бир киши үчүн бир түнгө 30-40 миң иендин (264-352 доллар) тегерегинде болот.

Бул мейманкана сүзүп жүргөн арал Сасебо шаарына жакын Кюсю аралында жайгашкан. 39 миң квадрат метр аралыктагы аймактарда калкып жүрмөкчү. Ал жерде “Huis Ten Bosch” фирмасы 1992-жылы илгерки нидерандиялык иммараттардын көчүрмөсүндө эс алуучу парк түзгөн. 2015 –жылы ошол эле жерде “Henna Hotel” мейманканасы иштеп баштаган. Бул мейманкананын өзгөчөлүгү мында тургундарды роботтор тейлешет.

Дүйшөмбү, күнү 6-мартта Британиялык компаниянын АКШда биринчи жолу сыра мейманканасы курула тургандыгы тууралуу маалымат тарады.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!