“iPhone X” смартфонун чыгаруу токтотулат

23-Янв. 2018, Шейшемби, 10:07

"Apple” корпорациясы акыркы жолу чыгарган iPhone X смартфонун чыгарууну токтотушу мүмкүн. Бул тууралуу “BGR” порталы маалымдайт.

Кытай базарында “iPhone X” смартфонуна суроо-талап азайган. Корпорация башчылары ушуга байланыштуу жаңы смартфондордун чыгарылышы тууралуу ойлоно башташкан. Үч ай ичинде соодага 18 миллион смартфон чыгарылган. Ал эми корпорация эксперттери бул көрсөткүч 30 миллионду түздү деп ойлошкон.

Натыйжасында жаңы смартфондун сатылышы ушуга чейинки “iPhone”дордон ошо алган эмес. Эксперттердин пикири боюнча, кытайлыктарга жаңы смартфондун дизайны менен техникалык мүмкүндүктерү жаккан эмес. Анын үстүнө баасы да кымбат.

“Apple”дин өндүрүшүн пайдалангандар үчүн жаңы “iPhone X” смартфону көп жакпай калган. Алардын айтуусу боюнча, жерге куласа тез сынып калаары да байкалган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!