18:25 Светлана Назаренко кыргыз тилинде ырдап чыкты (видео)
18:22 Самара менен Юлия дуэт жаздырышты (видео)
18:19 “Беш акын” жарышы өткөрүлөт
“Samsung Galaxy S9” смартфонунун алдын ала жарыяланбаган алгачкы видеосу пайда болду. Гаджеттин чыгышы кийинки айда өтөт деп айтылууда. Видеону “Trendy Techz” булагы “YouTube” каналына жарыялаган.
“Samsung” компаниясы кийинки айда өтүүчү “Mobile World Congress” көргөзмөсүндө өзүнүн “Galaxy S9” смартфонун сунуштайт. Бул тууралуу “Samsung”тун мобилдүү бөлүмүнүн башчысы Ди Джей Ко “CES-2018” көргөзмөсүндө маалымдады. “Mobile World Congress” көргөзмөсү салттуу түрдө Барселонада өтөт. Өткөн жылы “Mobile World Congress” көргөзмөсүндө “Galaxy S8” смартфону сунуштаган. Ошону менен бирге, дагы бир жакшы жаңылык жаңы смартфон 1,5 саатта толук кубатталары белгилүү болду. Бул тууралуу түзүмдүн атайы сертификатталган документинде көрсөтүлгөн. Адистердин маалыматы боюнча, “Samsung Galaxy S9” жана “S9+” смартфондорунун башкы өзгөчөлүгү камерасында болот. Кичинекей үлгүдө негизги модуль жалгыз, ал эми чоңунда экөө болот. Биринчи модуль кенен бурчту кадрларды жасай алса, ал эми экинчиси оптикалык масштабты пайдаланып, объектерди чоңойтууга мүмкүндүк берет. Белгилей кетсек, “Tech Radar” эксперттери 2017-жылдын эң мыкты смартфондорунун рейтингин чыгарган эле. Тизмеде 15 гаджет кирген. Алардын көч башчыларнын катарында “Samsung Galaxy S8” смартфоны жана “Galaxy S8 Plus” да бар.
“Samsung” компаниясы кийинки айда өтүүчү “Mobile World Congress” көргөзмөсүндө өзүнүн “Galaxy S9” смартфонун сунуштайт. Бул тууралуу “Samsung”тун мобилдүү бөлүмүнүн башчысы Ди Джей Ко “CES-2018” көргөзмөсүндө маалымдады.
“Mobile World Congress” көргөзмөсү салттуу түрдө Барселонада өтөт. Өткөн жылы “Mobile World Congress” көргөзмөсүндө “Galaxy S8” смартфону сунуштаган.
Ошону менен бирге, дагы бир жакшы жаңылык жаңы смартфон 1,5 саатта толук кубатталары белгилүү болду. Бул тууралуу түзүмдүн атайы сертификатталган документинде көрсөтүлгөн. Адистердин маалыматы боюнча, “Samsung Galaxy S9” жана “S9+” смартфондорунун башкы өзгөчөлүгү камерасында болот. Кичинекей үлгүдө негизги модуль жалгыз, ал эми чоңунда экөө болот. Биринчи модуль кенен бурчту кадрларды жасай алса, ал эми экинчиси оптикалык масштабты пайдаланып, объектерди чоңойтууга мүмкүндүк берет.
Белгилей кетсек, “Tech Radar” эксперттери 2017-жылдын эң мыкты смартфондорунун рейтингин чыгарган эле. Тизмеде 15 гаджет кирген. Алардын көч башчыларнын катарында “Samsung Galaxy S8” смартфоны жана “Galaxy S8 Plus” да бар.