“Apple Watch” сааты алдыга чыгат

15-Фев. 2018, Бейшемби, 11:42

Дүйнөдөгү эң ири технологиялык компаниялардын бири “Apple” азыр Жер шарындагы эң чоң саат сатуучуларынын бири. Ал канчалык чоң десеңиз? Жаңы статистикага карасак “Apple” акыркы убактарда швейцариялык сааттарга караганда өз өндүрүшүндөгү сааттарды көбүрөөк саткан.

“Business Insider”дин маалыматы боюнча, “Canalys” жана “IDC” изилдөө борборлорунун жүргүзгөн иликтөөгө ылайык, “Apple” 2017-жылдын акыркында 8 миллион “Apple Watch” сааттын саткан. Эскерте кетсек, “Apple” төрт жыл мурун гана сааттарды сата баштады.

“Apple” компаниясынын башкы директору Тим Кук 1-февралдагы берген маалыматтында "Apple Watch үчүн эң жакшы квартал - бул жогорку 50 пайыз жана төртүнчү кварталдагы ар бир географиялык аймактагы экиден ашык күчтүү өсүш байкалууда”,-деп билдирген.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!