“Facebook”да 3D посттор пайда болот

22-Фев. 2018, Бейшемби, 09:52

Компания сүрөттөр үчүн жаңы форматты тестирлөөдө. Болжол боюнча, бул маркетингге карай жаңы кадам болот.

“Facebook” жаңылыктар лентасында 3D посторду тестирлөөдөн өткөрүп жатат. Бул тууралуу “life.ru” сайты билдирет. Социалдык желенин колдонуучулары 3D форматындагы сүрөттөрдү жүктөп, аларды айланта алышат.

Компания “glTF 2.0” форматындагы файлдарды колдойт. Анда сүрөттөр тез кыймылдарга жана манжалардын кыймылына жооп берет: чычкандын же сенсордун кыймылына байланыштуу айланып турат. Бул үчүн компания “Open Graph” жана “Graph API” куралдарын жаңылайт.

“Facebook”тун айтуусу боюнча, бул ресурс маркетинг үчүн мыкты кадам болот. Жогорудагы мисалдарда 3D сүрөттөрү картары жасалган “Lego” конструктору сунуштаган.

Ошондой эле, дүйнөлүк желе үчүнчү тарап тиркемелеринде жасалган 3D сүрөттөрүнүн интеграциясы үчүн келишим шарттарга кол койду. Мисалы, биринчи өнөктөштөрүнүн бири Sony болсо – смартфондордун колдонуучулары “3D Creator” тиркемесинде жасалган 3D сүрөттөрдү көчүрө алышат.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!