Моно түстөгү бөлмөлөр

12-Апр. 2018, Бейшемби, 12:01

Өзүнүн реалистик түстөрү аркылуу бүтүндөй дүйнөгө белгилүү австралиялык иллюстратор Кэтрин Дженна Гендри жаңы интерьер жобосун сунуштады.

“Monochrome” деп аталаган бөлмөлөрдүн ичин кооздого арналган проект түрү – жети бөлмөдөн турган үй. Алардын ар биринин интерьери белгилүү бир түстөргө боёлгон. Үйдө кара, боз же ак сыяктуу жөнөкөй өңдөрдү байкоого болбойт.

Баардык бөлмөлөр ачык жана каныкккан түстөгү эмеректер менен жабдылган. Арт-үй Бруклиндеги Гринпойнт шаарында салынган.


Үйдү көргөнү келгендер өздөрүн чыныгы перфекционистин жомогуна түшкөндөй сезишкен.

«Адатта адамдар үйдү эмерек менен жабдып алышат да, андан кийин гана дубалдарга картина жана башка дизайнерлик өнөрлөрдү илип башташат. Мен бул нерсеге таң калам. Биз ошону тескерисинче жасадык»,– дейт Гендри.

Монохромдук үйдүн дубалдарынан “Pantone” түстөрүнөгү сүрөттөрдү көрүүгө болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!