Үйдү уурулардан коргоочу түзүм

27-Апр. 2018, Жума, 14:57

Япониянын “Leopalace21” риэлторлук компаниясы үйдү уурулардан коргоочу “Man on the Curtain” деп аталган өзгөчө система чыгарды. Анда колдонулган чакан проектор терезеге тагылган пардада адамдын элесин көрсөтүп, бош турган батирди кожоюну жүргөндөй кылып көрсөтөт.

Адатта добуш белгиси уурулар үйгө киргенден кийин ишке кошулат. Кээде керек болсо түзүмдү тез арада өчүрүп таштоого да болот же ал таптакыр иштебей да калган кездер көп болот. Бул учурда үйгө бөтөн адамдар киргенден кийин ишке кошулган эмес, мындай жагдайды алдын алууга арналган түзүмдөр жок.

“Leopalace21” компаниясынын кызматкерлери дал азыр үйдө ит үргөндөй кылып көрсөтүүчү системаны тааныштырды. Смартфонго кошулган проектордун узактыгы 30 мүнөтке жетет. Ак-кара түстөгу видеону тынбай айландыра берет. Колдонуучуга видеонун бир нече нускасы сунушталат: үй жыйноо, спорт менен машыгуу же музыкага шай бийлөө.

Компания сунуштаган промо-роликтен көчөдөн үйдөгү адамдын элеси анык көрүнөрүн байкоого болот. Экинчи жагынан алып караганда, мындай ыкма чыныгы эмес, себеби кечки же түнкү мезгилде үйдүн ичи шамалдай жарык болбостугун эске алсак, жер үйлөрдө мындай жарыктандыруу өтө сейрек колдонулат.

“Leopalace21” системасы дагы сатыкка чыга элек, азырынча компания анын болгону беш прототибин тестирлөөгө сунуштап жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!