Нухтун кемесин жасап чыгышты

20-Апр. 2017, Бейшемби

Нидерланд калкы - өтө эмгекчил, күжүрмөн эл. Мамлекеттин аймагынын көпчүлүк бөлүгү деңиз деңгээлинен төмөн жайгашкан.

Адамдар суудан эгин талааларына жарактуу жерлерди сактап кала алышкан. Азыркы учурга чейин дамба курдуруп жерлерин сактап келген эл урмат-сыйга татыктуу.

Йохан Хейберс биздин кабардын негизги каармандарынын бири. Ал кичинекей чагында суу каптап жаткандай түштөрдү көп көргөн. Балким ошондон чыгаар айтор чоңойгондо Нух пайгамбардын кемесин курууга киришкен.

Бул кемени куруу үчүн ал үч жалдай убакыт жана миллион фунт каражат жумшаган. Эң алгач эле ал кеменин эки эсе кичине үлгүсүн куруп өз мүмкүнчүлүктөрүн карап чыккан. Ал кеме туристтер тарабынан кызыгуу жаратып, ийгиликке жетишкен. Ошондон улам Йохан кийинки кадамды таштоого жол ачылган.

Кемени куруп жатып Библиядагы сүрөттөлгөн кеме сыяктуу курууну негиздеген. Кеменин узундугу 300 м чыканак, бийиктиги 30 м, туурасы 50 метр.

Кемени курууда Йохандын өзүнүн чыканагы эталон болуп калган. Жыйынтыгында үч миң тонналык салмактагы кеме курулган.

Азыркы күндө кеме Дордрехт шаарында орун алган. Анын ичинде ресторан, кинотеатр жайгашкан. Туристтер үчүн желимден жасалган жаныбарлардын сөлөкөттөрү дал өзүндөй жасалып жайгаштырылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!