Пенопласттан курулган үйлөр

27-Апр. 2017, Бейшемби

Япониялык “Japan Dome House Co” фирмасы өз кардарлары үчүн өзгөчө үйлөрдү сунушташууда. Бул үйлөр пенополистрола же тактап айтканды пенопластан курулат. Бир караганда бул материалдын тандалышы таң калтырат, бирок компания белгилеп кеткендей башка салттуу курулуш материалдарына караганда бир нече жакшы жактары бар деп айтылууда.

Жыгач же болбосо темирден айрмаланып пенопласт дат баспайт, чирибейт, өзүнө ар турдүү курт-кумурскаларды тартпайт. Ошону менен бирге ал жайында салкын мыкты жылытуучу касиетке ээ, кышында жылытуу чыгашаларын азайтат. Мындай үйлөр жер титирөөлөргө жана табигый кырсыктарга туруштук бере алат. Мындан тышкары пенопласт күйүп кетүүдөн сактоочу өзгөчө материал менен иштелип чыккан. Эгер үйдүн дубалдары күйүп кетсе да, материал уулуу заттарды бөлүп чыгарбайт. Ошондуктан мындай үй өрт чыккан учурда коопсуз болуп саналат.

“Japan Dome House Co”компаниясы үйлөрүнө « XXI кылымдын үйү» деген ат ыйгарды. Үйдүн формасы эскимостордун боз үйлөрүнө окшошуп кетет. Үйдүн дубалдарынын калыңдыгы 175 мм болгон секциялар менен кураштырылган. Албетте, колдонулган курулуш материалы жөнөкөй пенопласттан катуу жана салмактуу келет. Бир кыйла жакшы жылуулоо системасы, үйдү натыйжалуу жана тез арада жылуулап жана муздатууга өбөлгө түзөт.

Пенопласттан курулган бул үйлөр көп убакыт талап кылбайт. Фабрикадан жасалган секциялар (салмагы болжолдуу түрдө 80 кг) 2-3 адамдын жардамы менен бир нече саатта эле тургузулат. Качан гана пенопласт үйү тургузулгандан кийин, адистер ага атайы курулуш эритмеси менен каптап чыгып, андан кийин гана боёп чыгышат. Мындай үйдүн диаметри 7,7 метр, бийиктиги-3,85 метр, жалпы аянты -44,2 квадрат метр. Эгер бир купол жетпесе анда ар бирин бири-бири менен байланыштырып бир нечесин курдурса болот. Азыркы маалда бул үйлөрдүн баасы 30 000 долларды түзүүдө. Мунун ичине материалды жеткирүү, куруу жана интерьерди жасалгалоо иштери кирет. Бул үйлөр сиз үчүн 300 жыл жай кыш дебей туруп берет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!