Жаркыраган таштар-ландшафт дизайнындагы жаңылык

18-Май 2017, Бейшемби

Көрктөндүрүү боюнча нурдуу таш пайдалануу

Жасалма полимерден жасалган кечкисин жаркырап турган, ал эми күндүз таштар ландшафт дизайнындагы өзгөчө жаңылык болуп саналат. Ошого байланыштуу табигый таштарды полимер таштарына алмаштыруу менен бакчанын стилин күндүз эч өзгөртпөстөн, бирок кечкисин жаркыраган укмуштуудай жомокко айлантууга болот.

Жаркыроо катализатору бар таштар

Бл таштардын материалынын негизин полимер желим катализатор жаркырагычтары колдонулат. Дал ушул компоненттер ар түрдүү булактардан жарык мисалы, күндөн, айдан жана жөнөкөй лампочккалардан да алат. Мындай таштар түбөлүк жаркырап тура бербейт. Ал канчалык жарыкта көп турса ошончолук жаркырап күйүп тура берет. Эгер жасалма таш бир күн бою күндүн алдында болгон болсо, кечтен таң атканга чейин күйүп турат.


Өндүрүүчүлөр жаркыраган таштардын үч түрүн чыгарт: майда (майдаланган таштардан анча чоң эмес) орточо (суу түбүндөгү таштардай), чоң (валунга окшогон).

Бакчаңызга майда жана орточо өлчөмдөгү жасалма таштарды жөн гана ыргытып коюу гана жетиштүү. Ал эми чоң көлөмдөгү таштарды жакшылап жерге киргидей койбосо шамалда учуруп кетиши ыктымал. Ал үчүн ар бир таштын түбү ачык калтырылган. Аларды орнотуу төмөндөгүчө: полимер валундары сиз тандаган жерге четтери жерге баткыдай кылып кол менен катуу баскылап коюу керек. Коёрдон мурун таштын ичин фольга же ак кагаз салса ал дагы да жакшы жаркырап күйөт.

Жарык диодору менен күйгөн таштаh

Мындан сырткары бул таш түрү да кездешет. Таштарга диод жарыктары орнотулган жана алардын жардамы менен күйөт. Электр трансформаторлорунан же болбосо күн батареяларынан алган электр кубатын алышат. Диод таштары 100 миң саатка чейин 27 жылга барабар күнүнө 10 саат иштесе жетиши мүмкүн.

Таштардын артыкчылыгы менен өзгөчөлүктөрүЭлектр энергиясын үнөмдүү колдонот. Таштарды колдонуу менен электр фонорларын колдонуунун кажети калбайт. Себеби бакча алардын жардамысыз эле көрүүгө болот.

Түрдүү жаратылыш кубулуштары болгон температуранын өзгөрушү, ысык, суук, соккуларга чыдамдуу.

Эң жөнөкөй кутүүгө болот. Полимер буюмдары кирдеп калган учурда аны тазалоочу каражаттардын жардамы менен оңой тазалап коюуга болот.

Колдонуу мөөнөтү жок, ар дайым сиз үчүн кызмат кылат.

Үй шартында жаркыраган таштарды жасаганды үйрөнөбүз

Жаркыраган таштарды үй шартында кантип жасоого болот деген суроого көпчулүк кызыкса керек. Өкүнүчкө карай чыгаруучулар өзулөрүнүн сырларын эч кимге ачышпайт жана азыркы рынок сунуштаган таштарды өз колубуз менен жасоо мүмкүн эмес. бирок, кадимки табигый таштарды караңгыда күйүп тургудай кылса болот. Ал үчүн люминесцент боёктору менен таштарды боёп чыгуу керек. Мындай ыкма менен боёлган таштар күндүз энергияны күндөн алып, кечкисин аны чыгарат. Бул жарык 10 сааттан 14 саатка чейин жанып турушу мүмкүн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!