Интернет аркылуу “бара турган" 10 музей

29-Авг. 2017, Шейшемби

Албетте, ар кандай тарыхый экспонат же көркөм чыгарманы жанынан көргөнгө жетпейт. Бирок, ар бир адам ар дайым эле дүйнө жүзүн саякаттоого мүмкүнчүлүгү боло бербейт. Бактыга жараша, бүгүнкү заманбап санариптик доордо өз үйүңүздөн чыкпай эле дүйнөдөгү белгилүү музейлерге барып келүүгө мүмкүнчүлүктөр бар. Анда эмесе сиздер үчүн дүйнөдөгү музейлерге виртуалдык экскурсияга чакырмакчыбыз.

1. Лувр

Лувр дүйнөдөгү ири искусство музейи гана эмес, ал Париждин абдан маанилүү тарыхый эстеликтеринин бири болуп саналат. Музей акысыз онлайн турларды сунуш кылып, анда Луврдын эң белгилүү жана баалуу эстеликтерин көрүүгө болот, мисалы, фараондор доорундагы эстеликтер.

2. Соломон Гуггенхайма музейи

Фрэнк Ллойд Райттын жобосу боюнча салынган Гуггенхайм имаратын өз көзүбүз менен көрүүгө ылайык болсо да, ушул музейдеги баалуу экспонаттарды көрүү үчүн Нью-Йоркко учуунун кереги жок. Онлайн режиминде Франц Марк, Пит Мондриан, Пикассо жана Джефф Кунстун эмгектерин көрүүгө болот.

3. Улуттук көркөм галлерея

1937-жылы түзүлгөн Улуттук көркөм галлереянын эшиги ар дайым ачык. Ал эми Вашингтонго бара албагандар үчүн музей виртуалдык турларды сунуштайт. Мисалы, ал жактан Ван Гогтун картиналарын жана байыркы Ангоранын скульптураларын көрүүгө болот.

4.Британ музейи

Британ музейинин карамагында сегиз миллиондон ашык эстеликтер бар. Бүгүнкү күндө Лондондун атактуу музейи экспозициялардын кээ бир түрлөрүн, мисалы, «Кенга: Африкадан токума» жана «Римдеги Помпей жана Геркуланум шаарларынын объектери» көргөзмөлөрүн онлайн-көрүүгө мүмкүндүк берет. “Google”дун Маданият Институту менен биргеликте, Британ музейи “Google Street View” технологиясын колдонуп виртуалдык турларды сунуштайт.

5. Смитсон институтунун алдындагы Улуттук тарыхый табият музейи

Вашингтондогу Улуттук музей дүйнөдөгү эл көп барган музейлердин бири. Сизге виртуалдуу онлайн тур аркылуу кызыктуу дүйнөнү көрүүгө мүмкүндүк берет. Онлайн-гид сизди ротонддо тосуп алып, (360 градустук кароого мүмкүндүк берген онлайн эскорт), «Сүт эмүүчүлөр залын», «Курт-кумурскалар залын», «Динозавр зоопаркын” жана «Палеобиология залын» көрсөтөт.

6. Метрополитен музейи

Метрополит - бул эки миллиондон ашык көркөм өнөр искусствосунун сакталган жери. Музейдин сайтында Ван Гог, Джексон Поллок жана Джотто Ди Бондондун картиналары бар. Мындан сырткары, Метрополит “Google”дун Маданият институту менен бирге көбүрөөк иштерди көрсөтүү үчүн иштейт.

7. Дали театр-музейи

Фигерас шаарында орун алган Дали театр-музейи бүтүндөй Сальвадор Далинин чыгармачылыгына арналган. Анда Далинин жашоосунун жана жумушунун ар бир этабы менен байланышкан көптөгөн көргөзмө менен экспонаттарды көрүүгө болот. Ошондой эле сүрөтчүнүн сөөгү аталган жерге коюлган.

8. НАСА

НАСА Хьюстон космостук борборуна виртуалдык турларды сунуштайт. Гид катары «Audima» деп аталган анимациялык робот жардам берет.

9. Ватикан музейи

Кылымдар бою папалар тарабынан көзөмөлдөнүп келген башкы Ватикан музейинде көркөм жана классикалуу буюмдардын эстеликтери сакталып келүүдө. Музейдин айлана-тегерегин кыдырып, андагы белгилүү эстеликтерди анын ичинде Микеланджело тарткан төбөдөгү Сикстинс капеллаларын көрө аласыз.

10. Айя София музейи

Эгер Стамбулда болгон болсоңуз анда албетте Айя София музейине барасыз. Бирок чет жерде жүрсөңүз компьютерден эле музейдин ичине саякаттасаңыз болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!