Мейтан шаары Кытайдын түштүк-батыш бөлүгүндө көк чайдын мекени катары таанымал. ХХІ кылымдын башында шаардын аймагында эстелик куруу тууралуу чечим кабыл алынган. Керемет суусундуктун тарыхы менен байланыштуу. 2010-жылы биргелешкен иш-чаранын негизинде чайнек жана чыны түрүндөгү имараттын курулушу аяктаган. Бул имарат Гиннестин рекорддор китебине кирип, дүйнөдөгү эң чоң чай демдөөчү чайник болду.
Тоо этегинен орун алган өзгөчө курулушту шаардын баардык бөлүгүнөн көрүүгө мүмкүн. Имараттын ар кайсысы бир нече метр бийик дөңгөлөк сыяктуу тегерек формада орун алган. «Чайнектин» бийиктиги 74 метр, эң чоң диаметри 24 метр, ички бөлмөлөр 5 миң чарчы метрден ашат. Анын жанында «чыны» имараты орун алган. Эки имарат кооз, бышкан кирпич түсүндө боёлгон. Жогорудан төмөнгө чейин алардын фасады чакан терезелер менен кооздолуп, шаардын борборунан укмуштуудай көрүнүшкө ээ болуп турат.
Биринчи кабатта орун алган баардык бөлмөлөр менен чайнек курулушунун негизги 27 номерлүү 4 жылдыздуу мейманкана. Имараттын жогорку бөлүгүндө бий аянты, көркөм галлерея жана тойканалар бар. Бул мекемелер даамдуу тамак-аштарды, бий жана музыка сүйүүчүлөр үчүн арналган. Көркөм искусствого кызыккандар үчүн көркөм сүрөт галлереясында орун алган экспонаттарды көрүүгө болот.
Үчүнчү кабатында орун алган каллиграфия институтунда кытайлык сүрөтчүлөр менен жазуучулардын ар кайсы доордогу картиналары менен китептери жыйналган.
Калган башка кабаттарда чай музейи жайгашкан. Бул залдарда чай маданиятынын тарыхы жана аны менен байланышкан окуяларды көрүүгө болот. Музейге келүүчүлөр чайдын пайда болушу, чайдын канча түрү, императордун суусундуктары, чай жасоо сырлары боюнча биле алышат. Чай музейинин эшиктери дүйшөнбүдөн башка күндөрү үчүн конокторго ачык. Музейдин жанында чай дүйкөндөрүнүн бир нечеси бар.
Эң жогорку кабатында чайнектин капкагы орун алган жерде азыркы заман талабына ылайык шаарды алаканга салгандай көрүнүшү ачылат. Бийиктен айлананы караганды жакшы көргөндөр дал ушул жерде чыныгы чай расмине катыша алышат. Каалагандар эзелки рецепт боюнча даярдалган жыпар жыттуу чайды бекер ичүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.