Дүйнөдөгү эң кымбат үй

28-Окт. 2017, Ишемби, 15:25

“Вилла Les Cèdres” – дүйнөдөгү эң кымбат үй. Аманаттарды саноо убагы келди, анткени ал сатыкка коюлду!

Бул 1830-жылы Ниццанын жаныдагы Франциянын түштүгүндө салынган мурдагы зайтун фермасы. Аймак Сен-Жан-Кап-Ферра деп аталат. Бул деңиз жээгиндеги үйдүн жанында сейилдеп жүрүп сиз “Microsoft” компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Пол Аллен жана музыкант Элтон Джон менен тааныша аласыз.

“Bloomberg”тин эсептөөсү боюнча, вилланын баасы- 410 млн. доллар. Маалымат үчүн: аралдын наркы 100 миң доллардан, ал эми Бейонстун сарайынын баасы - 200 миллион доллар.

Вилла качандыр бир убакта Бельгия королу Леопольд IIге тиешелүү болгон. 35 гектарга 14 миңдей өсүмдүктөр отургузулган, негизинен ал 300 жашка толгон зайтун дарактары. Дал ушул жерде 25 жылуу жай (теплица), олимпиадалык өлчөмдөгу бассейн жана эстетикалык кубаныч тартуулоочу жерлери бар. Үйдүн кумдуу-кызгылт келбети менен Афинанын коло эстеликтери өзгөчө көрүнүшкө ээ.

Үйдүн аймагы 18 миң чарчы метрди түзөт. Анын ичинде 14 уктоочу бөлмө, музейлерге окшош болгон бир нече конок бөлмө бар. Китепканада 3000ге жакын китеп сакталган, алардын бирөө 1640-жылы басылып чыгарылган. Эмеректер айтылган баага кирбесин эске алсак. Бирок, аны сатып алууга да болот. Баштапкы баасы жердин наркынан, үйдүн көлөмү менен орун алган жерине байланыштуу өтө жогору.

Вилла – чындыгында өтө кооз жерде жайгашкан. Пейзаждары - баа жеткис: чатырдын террасасынан Жер ортолук деңизинин Вильфранш-сюр-Мер жана орто кылымдагы Эз шаарын, ал эми чыгышында Франция менен Италия арасындагы чек араны көрө аласыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!