Оптикалык иллюзиялуу пол

30-Окт. 2017, Дүйшөмбү, 13:48

Оптикалык иллюзия - чыныгы искусство. Алар бизди чындыгында мүмкүн эмес нерсеге ишендирет. Бул плитка менен алектенген “Casa Ceramica” британ компаниясынын түзүлүшүнө негиз салды. Бир беткей дизайн укмуштуудай иллюзияны пайда кылат, ал тегиз жердин бетин кооз жана толкундуу көрүнүш берет.

Бул пол компаниянын Манчестердеги көргөзмө залдарынын биринде сунушталган. Анда ар бир адам өз көзү менен элесин көрө алат жана адаттан сырткары полдун үстүнөн баса алышат. «Casa Ceramica» компаниясынын ээси Дункан Куктун айтуусу боюнча, ал дал ушул дизайнды өзүнүн кеңсесине да колдонгон. Себеби кеңсенин коридорунан адамдар чуркап, адамдардын баскандары угула берген. Ал эми полдогу чуңкурду көргөндө алар акырын басып калышкан.

Конструкция 400дөй ар түрдүү фарфордон турат, алардын ар бири плитка кескич менен кесилген. Аякталган сүрот каптаманын ортосунда чоң бир терең чуңкур тургандай элес калтырат. Бирок чындыгында бети тегиз!

Оптикалык иллюзияны көргөзмө залынын босогосун атаганда көрө аласыздар. Полдун үстүнөн басып баратып карама-каршы жактан караган кезде, чуңкур сыйкырлангандай жоголот.

“Casa Ceramica”нын негиздөөчүсүнө бул укмуштуудай иллюзияны куруу тууралуу идея пайда болгондо плиткаларды кандай колдонууга болоорун биле алган. Мындан сырткары компания жергиликтүү сүрөтчү Миро Дудлсты кеңсенин дубалдарын «Алиса укмуштуудай жерде» жана Тони Уолштун поэмалары бар цитаталар менен тартырткан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!