Токойдун ортосунда орун алган сейилдөө мунарасы

3-Ноя. 2017, Жума, 14:30

Жаңы жерлерди ачып, маданиятын, жаратылышын жана тарыхын үйрөнүп, саякаттаганга эмне жетсин. Бирок кээде мунун баарын бир жерден кезиктирүүгө болот. Даниялык архитектуралык фирма жергиликтүү тургундар менен конокторду Копенгагенге жакын жерде орун алган токойдун баардык артыкчылыктарын көрсөтүүгө арналган долбоорду жасоого киришти.

“EFFEKT” архитекторлору токойдун ортосунда чыныгы архитектуралык искусствону курууга белсенишүүдө. 45 метрлик бийик мунаранын негизги принциби — жергиликтүү экосистеманын ишин үзгүлтүккө учуратпоо болуп саналат.

Мунарада Хаслев шаарында жайгашкан токой массивинин кооз көрүнүшү ачылат.

Долбоордун бийиктигин жана татаалдыгын эске алып, бул чөйрөдө галлереяны тегерете куруу жөнүндө чечим кабыл алынган. 600 метр бийиктикте жайгашкан сейилдөө аянтынан улуу тоолор жана бүт айланадагы кооз жаратылыштын панорамалык көрүнүшүнөн суктана аласыз - бул шаардагы көңул көтөрүүчү жерлердин бири.

Жаңы объект жаратылыштын койнунда жөө сейилдегенди жактыргандар үчүн сунушталат.

Архитекторлордун айтымында, долбоор 2018-жылы аяктайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!