Бактагы өзгөчө мейманканалар

10-Ноя. 2017, Жума, 16:42

Таңдын атканын, күндүн нурларын биринчилерден болуп көрүүнү кыялдандыңыз беле? Жаратылыш менен байланышта болуу үчүн ушундай мейманканалардын курулушу популярдуу болууда.

1. “Treehotel” – Харадс, Швеция

Дүйнө жүзүндөгү бирда-бир тургун үй айланадагы ландшафтынын кооздугу менен алыскы швед Лапландиясы жетпейт.

Ошону менен катар, мейманканалардын бири ушунчалык жакшы жашырынган керек болсо ал таптакыр байкалбайт. Өзгөчө жакын жерде орун алган “Brittas Pensionat”да 50-жылдардагы интерьери менен айырмаланат. Бул номер «күзгү текчеси» деп да аталат. Анын дубалдары айнек күзгүсүнөн жасалып, кышында кар баскан дарактар андан чагылышып өзгөчө көрк берет.

Бул жактагы таза скандинавиялык эко-дизайн токойдун тынчтыгы менен журулушат. “Treehotel”ди арзан деп айтууга болбойт, бирок стресстен арылып тынчтыкты самасаңыз анда бул жер сиз үчүн.

2. “Playa Viva” – Хулучука, Мексика

Бак үстүндөгү “Playa Viva” мейманканасы мексиканын Герреро штатында жайгашкан. Бул жерге адреналин издеген сууда сүзүүчү серферлер, йога сүйүүчүлөрү жана жаш балдарыңар менен барп келүүңүздөр керек.

Пальма бактарынын арасында орун алган, жерден 2 метр бийиктикте жайгашкан бул деңиз жээгиндеги мейманканаларда керемет үйлөр катылган. Мейманкана өзүнүн өзгөчө көрүнүшү, табияты, океан жана асманга карай саякаты менен мактана алат.

Йога жана массаж, мейманканын тегерегинде өстүрүлгөн өсүмдүктөрдөн жасалган тамактары менен тамактанып-ички жан дүйнөңүздү тынчтандырыңыз.

3. “Tree House Lodge” – Пунта-Ува, Коста-Рика

Токойдо өскөн бак –дарактар таманыңыздагы полдон үйдүн ичине чейин кирип өскөн, экзотикалык тропикалык өсүмдүктөрдүн гүлдөөшүн байкай аласыз. Отельде сиз жыгачтан жасалган көпүрөгө ээ боло аласыз. Коста-Рикадагы “Tree House Lodge” көбүнчө ар бир баланын жомоктогу кыялын чындыкка айлантат.

Бул жерде көбүнчө табиятын табигый абалы бааланып, материалдык жайлуулук четке чыгат. “Tree House Lodge”та сиз дароо тынчтанып, “Punta Uva”нын кооз жээктери жана экзотикалык балыктарына күбө боло аласыздар.

4.”Tsala Treetop Lodge” – Плеттенберг-Бей, Түштүк Африка Республикасы

«Бакча жолу» деп аталган жерде жайгашкан “Tsala Treetop Lodge” - бул дүйнөдөгү эң кооз жашырылган бурчтардын бири гана эмес. Ал ошону менен катар панорамалык бассейндерде сейилдеп, шаардын ызы-чуусунан качып, жашоодон ырахат алууну кыялданып жургөндөр үчүн керемет жер.

5. “Tongabezi Lodge” – Ливингстон, Замбия

“Tongabezi Lodge” мейманканасынын кардарлары Ливингстондун табиятынын укмуштуудай пейзажы менен жуурулуша алышат. Болгону Виктория шаркыратмасына алып барып суусуна түшүрбөгөнү гана болбосо, коноктордун жайлуулугу үчүн баардык талаптары аткарылат.

6. “Tranquil Resort” – Султан-Батери, Индия

Токойдун аймагында дарактардын чокусунда эки кенен үй орун алган. Алардын аталышы да өзгөчө “Serenetree” жана “Tranquilitree”.

14 метр бийиктикте жайгашкан үйлөр, кофе бактарынан жасалган бөлмөлөр табият менен болгон байланышты чагылдырып турат.

7. Kadir’s Tree Houses” – Олимпос, Турция

Ага-ини Гриммдин жомокторунун беттеринен чыккандай, Олимпостогу “Kadir’s Tree Houses” үйлөрү ар бир саякатчыга кызыгууну туудурат. Ошондой эле бактардын башындагы “бунгалолору” да бар. Бул үйлөр беш адамга чейин өзүнө батыра алат.

Анын айланасынжда –балык кармап, сууга тушүп эс алууга болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!