20 жыл бою жүргүзүлгөн курулуш

13-Ноя. 2017, Дүйшөмбү, 14:10

Орто кылымда өмүр сүргүңүз келсе жана Уолтер Скоттун китебинде сүрөттөлгөн атмосфераны сезгиңиз келсе, анда бир нече жылда буга кол жеткире аласыз. Франциянын Бургундия провинциясында ыктыярчылар менен изилдөөчүлөр тобу 13 кылымдын түп нускасын курушууда.

Ошол эле учурда алар аталган кылымга таандык техника менен материалдарды гана пайдаланышат.

Курулушка арналган таштарды карьерден алып чыгышып, андан соң алар унаа менен эмес, аттар менен ташып алып келишет. Оор таштарды көтөрүү үчүн кара куурайдан жасалган жиптерди колдонушат. Адамдар электр энергиясыз жумуш иштешет, ошондуктан курулуш күн чыккандан башталат.

Мишель Гийо менен Мэрилин Мартин 1997-жылы сарайды сала башташкан. Курулуштун айланасында жайгашкан токойдун урматына алар аны Гиделон деп аташкан. Бүгүнкү күндө 55 адам жумуш иштейт, ал эми экскурсияга жыл сайын 300 миңге жуук туристтер келишет.

Бул жумуш француз жогорку окуу жайларынын археологдору менен тарыхчыларынын жетекчилигинин аркасында жүргүзүлөт. Курулуш 2023-жылы бүтөөрү күтүлүүдө.

Ошол маалдагы технология шаймандары, атайы жасалган крандардын жардамы менен оор таштарды имараттын жогорку кабатына чейин көтөрүшөт.

Сарайда ыктыярчы иретинде каалочулар катыша алышат. Албетте эгер сизде бир нече бош күнүңүз болсо.

Долбоордун авторлору сарайга тарых гана жетишпей жатканын билдиришкен. Ошондуктан алар ойлоп табышып: сырта 1248- жылдагыдай сыяктуу көрүнүш беришип, курулушту Жильбер аттуу феодал даражасына ээ адам башкарат.

Жакынкы арада дүйнөнүн булуң бурчундагы туристтер Францияга Эйфел мунарасы үчүн гана эмес, сарайды да көрүү үчүн бара башташат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!