Жаңы жылга карата үйдү кантип кооздойбуз?

14-Дек. 2017, Бейшемби, 14:30

Жаңы жылга карата азыр ар бир үйдө катуу даярдык жүрүп жаткан учур эмеспи. Көптөгөн адамдар үйүн кооздоп, жаңы-жылдык балаты коюп даярданышса, кээ бирөөлөр жөн гана майрамдык дасторконду кандай тамак-ашка толтурсам деп ойлонушат. Ошого байланыштуу сиздер үчүн майрамдын алдында, өзүңүзгө жана жакындарыңызга же болбосо жөн гана көчөдө өтүп бара жаткан адамдар үчүн жагымдуу маанай тартуулоо максатында терезе алдын кооздоп коюну сунуштамакчыбыз.


Терезелерди кандай кооздо керектиги тууралуу бир нече идея:

Терезе алдындагы шамдар

Терезеге гирлянда илип коюуну сунуштайбыз:

- балатынын контурун жасаңыз;

- ага кошумча шамдарды коюңуз;

- гирляндыларды тагып чыгыңыз.

Мындан сырткары, өз колуңуз менен майрамдык банкадагы шамдарды жасап терезенин алдына коюп коюңуз.

Кагаздан жасалган оюлар

Тематикага ылайыктуу оюларды кесип чыгыңыз. Терезелерге жабыштырылган сүрөттөрдүн көпчүлүгүндө аяз ата, кар киши жана бугулардын сүрөтү болот эмеспи. Буга кошумча жомоктогудай үлөр, кар баскан арчалырды да кошсо болот.

Шаң тартуулоочу наклейкалар

ал эми эгер колуңардан келбей же убакытыңыз жок болуп жатса, анда даяр наклейкаларды сатып алсаңыз да болот. Дүкөндөрдө сатылган майрамга ылайык келген наклейкалардын түрүн тапсаңыз болот. Алар көлөмү жана сюжети боюнча ар бири ар башка. Мындай кооздуктар атайы клей менен жасалып, кийин кайра оңой алынып салынат.

Майрамдык композиция

Терезедеги майрамдык композицияны жасоо идеясын ишке ашыруу үчүн тематикага шай келүүчү нерселерди сунушталат. 2018-жылдын символу аталган иттин сүрөтү да башкы темага айланат. Келе жаткан жылдын башкы каарманы болгон итти аяз атанын арабасынын отургузуп тозуп алыңыз. Ал эстафетаны колго алып, жер жүзүндөгү тынчтыкты ыроолотсун. Муну менен кошо майрамдык балатынын оюнчуктары, бутактары жана тоо бурчактар менен кооздоп коюңуз.


Салтка айланган кар бүртүкчөлөрү

Кар бүртүкчөлөрүн баардык нерседен жана каалаганча кесип жасасаңыз болот. Ал эми негизгиси сиз кааалаган өлчөмдө жана формада. Аларды терезенин айнектерине жана пардаларга илип койсоңуз да болот.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!