Дүйнөдөгү эң кымбат үйдү ким алды?

19-Дек. 2017, Шейшемби, 11:07

Бул заңгыраган үй өзгөчө ландшафт менен кооздолгон жана мурунку француз монархы Людовик XIVтүн эстелиги орнотулган.

Сауд Аравиясынын ханзадасы Мухаммед бен Салман Парижге жакын жерде жайгашкан Людовик XIVтүн сарайын сатып алган. Бул тууралуу “New York Times”ка шилтеме жасап "life.ru" сайты маалымдады.

Хан сарай 2015-жылы 300 миллион долларга сатылган. Королдук үй-бүлөнүн кеңешчилери эми сарай чындыгында ханзадага тиешелүү экенин ырасташты.

Үйдө үлкөн бал залы, жер астындагы түнкү клубу, шарап сактоочу жай жана үй театры бар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!