Үйүңүзгө бакыт тартуулоочу беш зат

6-Фев. 2018, Шейшемби, 14:03

Үйдүн ичин бакытка бөлөөгө кожоюндун маанайы гана эмес, заттар да таасир берет экен.

Така

Калыпташып калган эрежелерге таянсак турган болсок, така ийгилик менен тынчтыкты алып келет. Аттын кадырын билгендер атайын така сатып алышат. Ишеним боюнча, ал үйүңүздөгү адамдардын түз, оң жол менен жүрүүсүнө таасир берет экен.

Сарымсак

Үйдү жамандыктан сактап, коргоп турган касиети бар деп тушүндүрүлөт. Үй-бүлөнү жагымсыз энергиядан коргочу калкан десе да болот. Сарымсакты илип койсоңуз үйүңүз уруш, жаңжалдан оолак болот. Ошондой эле, иммунитетиңизди тазартып, көз тийүүдөн сактайт.

Бал

Эгерде үйдө көп бал сактай турган болсоңуз, ал үйдө береке болот. Таттуу балдын көптүгү адамдар арасындагы жылуу мамилени жакшыртып, тууганчыл болуңузга жардам берет. Асел менен “корголгон” үйдө жакшы күндөр көп болуп, коноктор көп келээри күтүлөт.

Алма

Бул жемиш сакталган үйдө кайгы келбейт деген ишеним бар. Ал адамдын жакшы энергия менен тынчтыкта жашоосуна таасирин тийгизет имиш. Бул жемишти кооз идиштерге салып сактоону унутпаңыз.

Төөнөгүч

«Көз тийбесин» деген ниет менен балдарга илип коюсо төөнөгүчтүн көп пайдасы бар сыяктуу. Үй ээсинин бакубат өмүр сүрүүгө, ийгиликсиздиктен сактанууга жардамын тийгизет. Ошону менен бирге эки төөнөгүчтү бири-бирине карама-каршы илип койсоңуз, тил-көздөн сактайт экен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!