Хоббиттерге арналган мейманкана

15-Фев. 2018, Бейшемби, 15:59

Улуу Британиялык жубайлар Ливертонда Джон Толкиен романынын негизи боюнча тартылган «Властелин колец» фильминдеги хоббиттерге арналган майманкана салышты.

Бул үчүн мейманкана ээлери 23,5 АКШ доллар жумшашкан. Жубайлардын айтуусу боюнча, алар үйдү негизинен өздөрүнөн беш баласына арнап салышкан. Конок үйдө керектүү болгон нерселердин баары – ашкана, конок бөлмө, меш, жуунучу бөлмө жана алты адамга арналган уктоочу бөлмө.

Эскерте кетсек, мындагы эшиктер менен терезелердин баардыгы тоголок формада жасалган. Проектин авторлору өздөрүнүн бул жасаган иштери көптөгөн адамдардын купулуна толооруна ишеним артышат. Ал эми майманканада үч күн жатып калсаңыз 1000 доллар төлөө кажет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!