Шаардын ортосунда орун алган имарат

19-Фев. 2018, Дүйшөмбү, 09:58

Түштүк Кореядадагы Кышкы Олимпиада оюндарынын өтүп жатканына карата кара түстөгү имарат пайда болду. Павильон дубалдары “Vantablack VBx2” деп аталган коюу кара материал менен капталган. Бул шаардын ортосундагы космостун ээлесин берип турат. Павильонду “Hyundai Motors”тун заказы боюнча британиялык архитектор Асиф Хан жасаган.

Ал атайы Олимпиада оюндарынын ачылыш салтанатына карата пландалган нерсе болуп чыкты. Дүйнөдөгү эң каныккан кара түстүү имарат атайы дубалдары менен өзгөчөлөнөт. Дубалдары жарык, микротолкундар менен радиотолкундардын 99,965 пайызын сиңирген “Vantablack VBx2” пигменттери менен жасалган көмүртек нанокалонкалар дын негизинде салынган.

Олимпиада оюндары өтүп жаткан Пхенчхан шаарында бул павильон «Кара так» деп аталат. Ошону менен катар, павильондун дубалдарына жылдыздарга окшогон жаркыраган кичинекей шамдар орнотулган. Имараттын бети ага ага жакындаган сайын өзгөрүп турат. Ал эми имараттын ичинде таптакыр башка эстетика оруна алган. Караңгы коридор аппакбөлмөгө алып келет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!