Парданын жаңы түрү чыкты

22-Март 2018, Бейшемби, 16:16

Азыр күн нурунан сактаган парданын түрү көп. Тюльден, ар түрдүү жана түстүү кооз кездемелерден, жалюзилердин канчалаган түрүн кездештүрүүгө болот. Ал эми бүгүнкү биз сөз кылчу парданын стили таптакыр башка.

Жарык менен ультра фиолет нурларынын 99 пайзын үйдүн ичине киргизбей, көлөкө кылып, бул парда терезеге жабышып турат. Ошону менен бирге, үй ичиндеги жылуулукту бир калптуу сактап турат.

Кышында жылуулук берет, ал эми жайында үйдү салкын кармайт. Дагы бир өзгөчөлүгү: парданын бетине тартылган сүрөттөр иретсиз орун алган. Анда чоң шаарлардын элесин берип турган сүрөттөр тартылган. Мындай парданы колго жасап, өзүңүзгө жаккан сүрөт менен кооздоп, тагып койсоңуз болот.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!