Кызматкерлерге президенттин сааты тапшырылды

28-Март 2018, Шаршемби, 16:38

Бүгүн, 28-мартта Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов маданиятка кошкон зор салымы үчүн Муктасар Өзүбековго жана Анаш Эралиевге Президенттин сааттарын тапшырды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.

Өзүбеков 14 жыл бою Маданият, маалымат жана туризм министрлигин коомчулук менен иштөө мамлекеттик тил, сыйлык секторунун башчысы болуп иштеп келген. Ал эми Анаш Эралиев ушул эле жерде 15 жыл бою алдыңкы адис кызматын аркалаган.

Ошондой эле аталган кызматкерлер мамлекеттик жарандык кызматта туруусунун чектик курагы 65 жашты түзгөндүгүнө байланыштуу ээлеген орундарынан бошотулду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!