Президент коррупция боюнча абалга баасын берди

28-Март 2018, Шаршемби, 16:59

Бүгүн, 28-мартта президент Сооронбай Жээнбеков Башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынан кабарлашты.

Башкы прокурор мамлекет башчысына Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 8-февралындагы чечимин аткаруу максатында прокуратура органдарынын коррупцияга каршы иш-аракети жөнүндө маалымат берди.

Президент прокуратура органдары тарабынан коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча иштер күчөтүлүп, жылыштар бар экенин белгиледи.

Ал Коопсуздук кеңешинин жыйынынан кийин коррупционерлерге карата чечкиндүү чараларды күткөн жарандык коом активдүү болуп жатканын белгиледи.

Индира Жолдубаева Коопсуздук кеңешинин жыйынынан кийин прокуратура органдары өлкөнүн бардык областтарында жергиликтүү бийлик жана укук коргоо органдары менен биргеликте жыйындарды өткөргөнүн айтты. Коррупцияга каршы күрөш боюнча абалды талдоонун негизинде иш-чаралар планы иштелип чыкты. Бул планга ылайык жумуштар күчөтүлүп жатат.

Мындан тышкары Жолдубаева Башкы прокуратура тарабынан кызматтык кылмыш фактылары, анын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык менчикти уурдоо фактылары боюнча негизсиз токтотулган же кыскартылган кылмыш иштери кайрадан каралып жатканын билдирди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!